Футбол: Кыргызстан менен Кениянын беттеши болбой калды
RU

Футбол: Кыргызстан менен Кениянын беттеши болбой калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук курама команданын Кенияга каршы буга чейин пландалган беттеши өткөрүлбөйт. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги маалымдайт.

Белгилесек, Кыргызстандын Улуттук курама командасы 3-июнда Бишкек шаарында өтө турган "Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдешинин алкагында Кения курама командасына каршы оюн өткөрмөк.

"Беттешти жокко чыгаруу боюнча маалымат Кения футбол федерациясынын расмий каты аркылуу тастыкталды. Анда аймактагы эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу жана эл аралык сапарларды уюштуруу, ишке ашыруу олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы белгиленген", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестина курама командасына каршы 6 жана 9-июнь күндөрү эки беттеш өткөрөт.

Буга чейин Кенияга каршы оюнга сатылып алынган билеттер автоматтык түрдө 6-июндагы Палестинага каршы беттешке жарактуу болот. Ошондой эле, каалоочулар https://ticket.kg билет оператору аркылуу (1-3-июнь күндөрү) акча каражаттарын кайтарып ала алышат. Бул боюнча билет оператору ар бир кардар жана күйөрман менен өзүнчө байланышат.

Кыргыз футбол биримдиги жаралган ыңгайсыздыктар үчүн бардык күйөрмандардан кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17910