Салык кызматы айрым чет элдик онлайн сервистердин иши чектелиши мүмкүн экенин айтты
Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда кызмат көрсөтүп киреше таап, бирок каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдар аныкталганын билдирди. Мындан улам аталган мекеме чет элдик ири онлайн компанияларды салык төлөөгө чакырды.
Маалыматка караганда, учурда электрондук кызмат көрсөтүүчү 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн. Ошол эле учурда милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдар да аныкталган. Алар:
- Alibaba Group
- Pinduoduo
- Twitch
- Microsoft Corporation
- Valve Corporation
- Sony Interactive
- Epic Games Inc
- Electronic Arts Inс
- VK Company Limited
- Telegram
- Dropbox Inc
2024–2025-жылдар аралыгында эле жогорудагы компанияларга 15,9 миллионго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 13,2 миллиард сомго жакын каражатты түзгөн.
Салыктык башкаруунун алкагында компанияларга салыктык каттоодон өтүү жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин компаниялар тарабынан расмий кайрылууларга жооп берилген эмес жана ишмердүүлүгү уланууда дешет Салык кызматынан.
"Эгерде мындан ары дагы салыктык милдеттенмелер аткарылбаса компаниялардын электрондук сервистерине Кыргызстандын аймагына кирүүнү чектөө маселеси боюнча тийиштүү органдарга кайрылууну демилгелейт", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо кызматтары, санариптик контентке жеткиликтүүтү камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет.
