Бишкектеги соода борборлор, базарлар 2 күнгө жабылат
RU

Бишкектеги соода борборлор, базарлар 2 күнгө жабылат

Все самое интересное в Telegram

Бишкек шаардык мэриясы 31-августта жана 1-сентябрда соода борборлордун, базарлардын ишин токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

  • 31-августта жана 1-сентябрда "Чынар" ГУМ, "Айчүрөк" ЦУМ, "Бишкек Парк", "Азия Молл", "Ала-Арча", "VEFA Center", "Дом Торговли", "Гоин", "Бета Сторес 1", "Беш Сары Сити" соода борборлору иштебейт.
  • 31-августта (санитардык күн), ошондой эле 1 жана 2-сентябрда "Ош базары", "Сары-Өзөн" базары, ал эми Орто-Сай базары 31-августта жана 1-сентябрда жабык болот.
  • 29-августта саат 15:00дөн баштап Айтматов проспектиси жана Горький көчөсүндөгү, Чүй жана Манас проспектисиндеги, ошондой эле Манас айылындагы, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсүндөгү жер астындагы жөө өтмөктөр жабылат.

Ошондой эле 4 райондун акимдерине расмий делегациялардын маршруттарында жайгашкан кошумча чекене соода түйүндөрүн аныктоо жана алардын убактылуу жабылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18573