Эми "Ала-Арча" жаратылыш паркына GoBus менен барса болот (баалар, шарттар)
RU

Эми "Ала-Арча" жаратылыш паркына GoBus менен барса болот (баалар, шарттар)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эми "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына GoBus маршруттук таксилер менен жетүүгө болот. Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана GoBus компаниясы Kyrgyz Friends менен биргеликте 8-апрелден тарта жаңы багыт боюнча каттам ачты.

Каттам Tommi Mall соода борборунан башталат. Ыңгайлуу микроавтобустардагы жөнөкөй трансфер же атактуу Сынган жүрөк ташы аркылуу Ак-Сай шаркыратмасына тажрыйбалуу гиддин коштоосунда толук кандуу тур болот. GoBusка саякат каттамды "Ала-Арчанын" негизги кызыктуу жерлери тууралуу сюжет менен коштолот.

GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу "Ала-Арчага" трансфер же Ак-Сай шаркыратмасына турга заказ кылсаңыз болот. Сапардын баасы эки тарапка 800 сом, тур 2500 сом.

Мобилдик колдонмону Google Play же App Storeдон жүктөп алса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11272