Орунбеков: Президент мал-жандыктарга салык салууну колдобойт
RU

Орунбеков: Президент мал-жандыктарга салык салууну колдобойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары малга салык киргизүүнү сунуштап, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Бул мыйзам долбоору боюнча Садыр Жапаров пикирин билдирди. Тагыраагы, өлкө башчы мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт дейт президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.

Айтымында, депуттар тарабынан демилгеленип жаткан мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени - мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. Буга байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.

"Президент Садыр Жапаровдун жарылыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз", - деди Орунбеков.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12596