Эми убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын онлайн алса болот
RU

Эми убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын онлайн алса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министрлиги эми убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы онлайн режиминде жеткиликтүү экенин маалымдайт. Мындай кызмат "Тундук" электрондук порталында тесттик режимде ишке киргизилди.

Ал үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо керек:

  • portal.tunduk.kg порталына же "Tunduk" мобилдик тиркемесине кирип, андан соң "Ден соолук" бөлүмүнө өтүп, "Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы" бөлүмүн тандоо керек;
  • ошондой эле алынган убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары жөнүндө маалымат Санариптик ден соолук профилинде да бар.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы ошол эле саламаттыкты сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары болуп саналат. Мындан ары алар атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулуп, өткөрүп жана сакташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14170