Мэрия: Жол кирени накталай алган автобус, троллейбустардын айдоочулары иштен алынат
RU

Мэрия: Жол кирени накталай алган автобус, троллейбустардын айдоочулары иштен алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жол кире акысын накталай алган автобус жана троллейбустун айдоочуларына катаал чаралар көрүлөт. Бул туурасында калаа башкармалыгынан кабарлашты.

Учурда жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" транспорттук карталары, Виза, Элкарт банк карталары, ошондой эле Mbank, MegaPay, Balance мобилдик тиркемелери менен төлөй алышат. Эгерде валидатор автобуста же троллейбуста иштебесе, анда жүргүнчү бекер жүрүүгө укуктуу.

Айдоочулар электрондук төлөмдү кабыл албай жатканына күбө болгон жүргүнчүлөр 0502 205-202 номуру аркылуу кайрылса болот. Кайрылууда эреже бузуунун датасы жана убактысы, каттамдын номери, транспорт каражатынын мамлекеттик номери көрсөтүлүшү керек.

Эске салсак, 20-августтан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынган. Бирок жүргүнчүлөр муниципалдык транспорттордун айдоочулары банк картасы же валидатор иштебей калганын айтып накталай төлөм алып жатканын билдиришкен.

Мэрия бул мыйзамсыз экенин эскертип, автобус жана троллейбус айдоочулары жол кирени накталай кабыл алса катуу чаралар көрүлөрүн, иштен бошотуууга чейин барарын айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14188