Вице-спикер өкмөт мүчөлөрүн Артем Новиковду сыйлоого чакырды
RU

Вице-спикер өкмөт мүчөлөрүн Артем Новиковду сыйлоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөт мүчөлөрүн сынга алып, премьер-министрдин м.а. Артем Новиковду сыйлоого чакырды.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-декабрда, парламент 2019-жылы республикалык бюджетти аткаруу боюнча мыйзам долбоорун карап чыкты.

Талкуудан кийин жыйынга төрагалык кылган вице-спикер Мирлан Бакиров, Новиков депутаттардын алдына чыгып сүйлөй турганын жарыялады. Ошондуктан дагы бир аз кармала тургула, деп суранды.

Новиков депутаттарга активдүү колдоо көрсөткөнү үчун ыраазычылык билдирип, алдыда оор мезгилдер келатат, бирок өкмөт жакшы мыйзам долбоорлорду киргизип, колдоо алгандан кийин ишке ашырыла турганына ишенгенин белгиледи.

Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү кагаздарын чогултуп, оокаттарын жыйнап, айрымдары жыйын өткөн залдан кете башташты.

Андан кийин Бакиров Артем Новиковго рахмат айтып, чиновниктердин жасаган мамилесин сынга алды.

"Артем Эдуардович сүйлөп жатканда тартипти сактоого чакырам. Айрым өкмөттүн мүчөлөрү залдан чыгып кетишти. Бул дисциплинанын жоктугу", - деп Бакиров, жөнөкөй сый-урматты, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого үндөдү.

Бардыгы анын сөзүн угуу үчүн токтоп калышкандан кийин, мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн билдирип, "көңүл бурганыңар үчүн рахмат", - деп айтып, эми кете берсеңер болот, деди. Залда тургандардын көбү анын сөзүнө күлүп жиберишти. Ал эми Новиков вице-спикерге рахматын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/145