Бишкекте чет элдик жаран мыйзамсыз интимдик кызмат уюштурууга шектелди
Бишкекте чет элдик жаран кыздарды сойкулукка түрткөн деп шектелүүдө. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, кыздар дагы чет өлкөдөн келген.
Укук коргоо органдарынын маалыматында 31 жаштагы чет чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагына башка мамлекеттен кыз-келиндерди интимдик кызмат көрсөтүү тармагында пайдалануу максатында алып келген деп айтылат. Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүү кардарларды издөө, кыздарды турак жай менен камсыз кылуу, жолугушуу жайларга жеткирүүнү уюштуруу жана акчаны бөлүштүрүү иштерин жүргүзгөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 30 жаштагы эки чет элдик кыз милиция бөлүмүнө жеткирилген. Андан тышкары 31 жаштагы шектүү Ж.В. камакка алынган. Ал "Сойкулукка көмөктөшүү жана бузукулук" боюнча айыпталууда.
Тинтүү учурунда акча жана тергөө үчүн маанилүү буюмдар, анын ичинде көп сандагы презервативдер алынган.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды табуу максатында тергөө иш-чаралары улантылууда.
