Баткенде чек арачыларга каршылык көрсөткөн жаран жабыркады
11
Баткенде аскерлер аткезчиликке шектелген адамды жарадар кылышты. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
Окуя 16-июнга караган түнү болгон. Эки жаран 17 уйду жана бир атты кыргыз-тажик чек арасынан айдап өтүүгө аракет кылышкан.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, аткезчилер зымдарды кесип, кармоо учурунда каршылык көрсөтүшкөн.
Натыйжада бир жаран бутунан жаракат алып, ага операция жасалган. Экинчиси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18038