Бүгүндөн тартып мас абалда унаа айдагандарга олчойгон айып салынат
RU

Бүгүндөн тартып мас абалда унаа айдагандарга олчойгон айып салынат

Все самое интересное в Telegram

Бүгүндөн тартып мас абалда унаа башкарган айдоочуларга күчөтүлгөн чаралар колдонулат. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы эскертти.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 193-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык:

  • алкоголь, баңгизат же психотроптук заттардын таасири астында унаа айдаган жарандарга 80 миң сом айып пул салынып, транспорт каражатын башкаруу укугунан 2 жылдык мөөнөткө ажыратуу каралган;
  • айдоочунун мас экенин аныктоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда 100 миң сом айып пул салынат жана унаа айдоо укугунан 3 жылдык мөөнөткө ажыратылат.

Белгилесек, мас абалда унаа айдагандардын жазасын катаалдаткан мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18066