Бишкекте 15тен ашык мамлекеттик имараттардан адамдар эвакуацияланды
RU

Бишкекте 15тен ашык мамлекеттик имараттардан адамдар эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги өкмөттүк имараттарда бомба бар деген билдирүү түштү. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жалпы 15тен ашык кабар түшкөн.

Маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңештин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин, "Учкун" басмаканасынын, Тышкы иштер министрлигинин, Экономика министрлигинин, "Кыргызстан эл аралык аэропортунун" имараттарында эвакуациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Бишкек ШИИББден кабарлашкандай, бир катар имараттар курчоого алынып, кызматкерлер жана жарандар коопсуз жайга чыгарылып, текшерүү жүргүзүлдү. Бактыга жараша, жардыруучу заттар табылган жок дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18078