Кегетиде сууга аккан 12 жашар кыздын жансыз денеси табылды (видео)
RU

Кегетиде сууга аккан 12 жашар кыздын жансыз денеси табылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кегети капчыгайында бүгүн, 23-июнда унаа жардан кулап, сууга түшүп кетти. Алдын ала маалымат боюнча, унаанын ичиндеги эки бала сууга агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиргендей, издөө-куткаруу иштери саат 11:23тө башталып, жалпы 25 куткаруучу тартылган.

2014-жылы туулган М.У. аттуу кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлдү. Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу баланы издөө иштери уланууда.

Буга чейин унаанын тормозу иштен чыгып, сууга түшүп кеткени айтылган. Күбөлөр унаанын ичинде 4 адам болгонун, алардын экөө чоңдор экенин, алар суудан чыгууга үлгүрүшкөнүн билдиришкен.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18088