Ошто сел жүрүп, төрт кишинин өмүрү кыйылды
RU

Ошто сел жүрүп, төрт кишинин өмүрү кыйылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 24-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош-Алай жолунда сел жүрдү. Табигый кырсыктан төрт адамдын өмүрү кыйылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган трассада сел жеңил унааны агызып кеткен. Жерине куткаруучулар барып, кырсыкка кабылып каза болгон 3 адамдын сөөгүн тапкан. Дагы бирөө ооруканага баратканда каза болго. Мындан тышкары, дагы эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

ӨКМ жарандарды жаан-чачын маалында тоолуу жана сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга, аба ырайы боюнча берилген шашылыш эскертүүлөрдү эске алууга чакырат.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18097