"Манас" аэропортуна барчу жолдогу бак-дарактар эмнеге кыйылганы айтылды
13
Бишкекте "Манас" аэропортуна барчу жолдун боюндагы бак-дарактар кыюулуда. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришкендей, жолду кеңейтүү жана айланма жол куруу үчүн теректер кыйылып жатканын билдирди.
"Биз 650 карагай жана 20 туяны башка жакка отургуздук. Жолду реконструкциялоо иштери жүрүп жаткандыктан кайра отургузуу иштерин улантабыз. Жалпысынан 75 терек кыйылды. Мындан башка бак-дарактарды кыюу пландалган эмес", - дешет аэропорттон.Буга чейин "Манас" аэропортуна барчу жолду реконструкциялоо иштери башталары жана 23-июндан 1-июлга чейин 8 чакырым жолдо ("Манас" аба майданынан Манас айылына чейин) кыймыл чектелери маалымдалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18102