"Темир-балбан" базарындагы окуя боюнча видео тарады
RU

"Темир-балбан" базарындагы окуя боюнча видео тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы "Темир-балбан" базарында дыйкан кулпунай сатууга келген учурда соодагерлер менен жаңжал чыгып кеткен делген видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июль күнү катталып, учурда анын так себептери аныктала элек. Видеодо тараптардын ортосунда чыр чыгып, мөмө-жемиштер жерге чачылганы көрүнөт.

Ош шаардык милициясы бул факты боюнча 7 соодагер кармалганын билдирди. Териштирүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18177