"Манас" аэропортунда уча албай, бир капталга оогон учакта 181 жүргүнчү бараткан
122
"Манас" эл аралык аэропортунда Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктады. Бишкектен Ошко багыт алган учактын ичинде жалпы 187 адам болгон. Бактыга жараша, оор жаракат алгандар болгон жок.
"Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын маалыматы боюнча, учайын деп жатканда учактын арткы шассилеринин бири сынып, учак сол канатына кыйшайып калган. Учак асманга көтөрүлө алган эмес.
Бортто 181 жүргүнчү, 2 учкуч жана 4 борт кызматкери болгон.
Аэропорттон бардык каттамдар убактылуу токтотулганын, төгүлгөн керосин тазаланып, учак тилкеден алынмайынча эч кандай каттамдар аткарылбай турганын кабарлашты. Тагыраагы, аэропорт саат 22:00гө чейин жабылды.
Окуянын бардык жагдайларын иликтөө үчүн комиссия түзүлөрү кабарланды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18197
