Бишкек-Ош жолунда таксистти өлтүрүүгө шектелген киши 12 жылдан кийин кармалды
RU

Бишкек-Ош жолунда таксистти өлтүрүүгө шектелген киши 12 жылдан кийин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны Стамбулдан кармалды. ИИМден билдиришкендей, кармалган жаран өлкөгө алып келинди.

Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган А.Ш. өзгөчө оор кылмышты ("Алдын ала сүйлөшүп алган адамдар тобу тарабынан киши өлтүрүү") жасаган деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылдын февраль айында Бишкек-Ош унаа жолунда баратканда жаңжал чыгып, такси айдоочусу М.У. өлтүрүлгөн. Окуядан кийин А.Ш. Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

Ошондон бери издөөдө жүргөн жаранды табуу тыгыз кызматташуунун, заманбап санариптик технологияларды жана эл аралык маалымат алмашуу механизмдерин колдонуунун, өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18223