Коммуналдык тарифтерди жана башка төлөмдөрдү көтөрүүгө тыюу салынды
Президент Садыр Жапаров коммуналдык тарифтер менен мамлекеттик кызматтардын акысын кымбаттатууга тыюу салган жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, калк үчүн тарифтерди, жыйымдарды, мамлекет көрсөткөн кызматтардын наркын жана башка төлөмдөрдү жогорулатууга бир жылга мораторий киргизилет.
Бирок мораторий бардык төлөмдөргө тиешелүү эмес, айрым өзгөчө учурларда тарифтерди же төлөмдөрдү өзгөртүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга, стратегиялык жактан маанилүү тармактардын жана маанилүү инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешине, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу учурларда гана өзгөчөлүктөр каралат.
Мораторий биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыктарын коргоого, үй-бүлөлүк бюджеттин туруктуулугун сактоого жана калкка кошумча каржылык жүк жаратпоого багытталган. Бул чечим олуттуу социалдык мааниге ээ, анткени коммуналдык кызматтарга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кеткен чыгымдар ар бир үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоосуна түздөн-түз таасир этет деп белгиленет маалыматта.
