Жол кырсыгына кабылган жаранга медициналык жардам көрсөткөн студентти министр сыйлады
RU

Жол кырсыгына кабылган жаранга медициналык жардам көрсөткөн студентти министр сыйлады

Все самое интересное в Telegram

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жол кырсыгынан жабыркаган жаранга жардам көрсөткөн медициналык академиянын студентин сыйлады.

Министрликтен билдиришкендей, Дамир Осмонов КММАнын 6-курсунун студенти Адинай Кабеновага ыраазычылык катын жана белек тапшырды.

Белгилесек, 3-августта техникалык бузулуудан улам Боом капчыгайында унаа оодарылып, эки адам оор жаракат алган. Окуяга күбө болгон студент кансырап жаткан адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматы келгенге чейин абалды көзөмөлдөп турган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18457