Шаардык сотто "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыз каралып жатат
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин каты" боюнча даттануулар каралып баштады. Буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары прокуратуранын шаардык сотко жазган арызы менен таанышуу үчүн убакыт сурап, отурум жылган эле.
Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев шаардык соттун чечимин күтөрүн жана азырынча комментарий бербей турганын билдирди. Ал эми коомдук ишмер Талгарбек Бекболотов да комментарий берүүдөн баш тартты.
Курсан Асанов журналисттерге соттун өкүмүнө макул эместигин, ошол себептүү шаардык сотко даттанганын айтты. Ал сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кыларын белгиледи.
Июль айынын башында Биринчи Май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулун, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевди, коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевди, экс-депутат Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан абакка кескен. Бирок жазаны 3 жылдык пробация менен алмаштырган.
3-августта Башкы прокуратура "75чилердин каты" боюнча айыпталгандарга чыккан өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган.