Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына компенсация төлөнүшү мүмкүн
RU

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына компенсация төлөнүшү мүмкүн

Все самое интересное в Telegram

2027-жылдын 1-январынан тарта "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына ай сайын компенсация төлөнүшү мүмкүн.

Бул боюнча токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдаган.

Компенсация электр энергиясынын тарифи менен 1 кВт саатына 50 тыйындык тарифтин айырмасынын негизинде эсептелет.

Компенсация:

* жайында айына 400 кВт саатка чейин;

* кышында 700 кВт саатка чейин берилет.

Аны алуу үчүн өзүнчө арыз берүүнүн кереги жок. Компенсация "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу менен кошо автоматтык түрдө дайындалат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун 41 695 үй-бүлө алган.

Жаңы төлөмдөргө 448,6 млн сом каражат талап кылынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18665