Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылды
RU

Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылды

Все самое интересное в Telegram

"Бишкек Арена" стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылды.

Алгач дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүнөн келген спортчулар параддан өтүп, салтанаттуу жүрүштү кыргызстандык спортчулар жыйынтыкташты.

Андан соң президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова сахнага чыгып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий түрдө ачык деп жарыялашты.

"Биз Көчмөндөр оюндарын негиздеген өлкө катары дүйнө жүзүнө тарых-таржымалыбызды таанытып гана тим болбостон, келечекке умтулган заманбап өлкө экенибизди да даңазалап жатабыз. Эмесе, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачык деп жарыялансын!", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18674