"Мадина" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерге кенемте төлөнөт
"Мадина" базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлерге кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев соодагерлер менен болгон жолугушууда айтты.
Калаа башчысы белгилегендей, бийлик жабыркаган бардык ишкерлерди аныктап, келтирилген зыяндын көлөмүн баалайт. Андан кийин компенсация боюнча чечим кабыл алынат.
"Биз зыян тарткандардын баарын так аныктайбыз жана эч кимди жардамсыз калтырбайбыз", - деди Айбек Жунушалиев.
Белгилесек, 30-августта саат 8:30дар чамасында базардан өрт чыкканы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө 10 бригада барып, "Тазалык", "Тез жардам" кызматтарынан да техникалар тартылган. ӨКМден жалын базардын 1500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген.
ИИМ тарабынан учурда текшерүү жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18584
