"Мадина" базарындагы өрт өчүрүлүп, текшерүү жүргүзүлүүдө
Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. ӨКМдан кабарлашкандай, өрт саат 21:02де толук өчтү.
Өрт кырсыгы катталган аймакта нөөмөт уюштурулуп, министрликтин Октябрь жана Свердлов райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Белгилесек, 30-августта саат 8:30дар чамасында базардан өрт чыкканы кабарланган. Өрттү өчүрүүгө 10 бригада барып, "Тазалык", "Тез жардам" кызматтарынан да техникалар тартылган. ӨКМден жалын базардын 1500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген.
Ички иштер министрлиги "Мадина" базарынын аймагында чыккан өрт кырсыгы боюнча учурда текшерүү жүргүзүлүүп жатканын кабарлады. Такталган маалыматка ылайык, өрт чыккан контейнерлердин эшиги бир күн мурда кечинде жабылган. Контейнердин бирөө 18:38де, дагы бирөө 18:41де жабылган. Андан кийин соода ишмердүүлүгү жүргүзүлгөн эмес. 30-августта эртең мененки саат 08:31де ошол эле контейнерден өрт чыккан.
Текшерүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан камералардагы видеолор алынып, иликтенди. Видеого ылайык, контейнерлер жабылгандан кийин аларга жакындаган же түздөн-түз жанында болгон бөтөн адамдар катталган эмес.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды.