Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүм башчылыгына Дастан Дюшекеев дайындалды
RU

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүм башчылыгына Дастан Дюшекеев дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлумүн Дастан Дюшекеев жетектейт. Дюшекеевдин жаңы кызматка жайындалуусу тууралуу расмий билдирүү берилген эмес, бирок президенттин аппаратынын сайтында ал тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси катары көрсөтүлгөн. "Азаттыктын" маалыматына ылайык, ал бул кызматка 17-ноябрда дайындалган.

Ага чейин бөлүмдү Данияр Сыдыков башкарып келген.

Дастан Дюшекеев 33 жашта. Ал Ж.Баласагын атындагы КУУнун "Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" адистигин аяктаган. Андан кийин Россиянын ТИМинин дипломатиялык академиясын бүтүрүп, бир нече ири компанияларда иш алып барган.

14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун пресс-катчысы болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/22