Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерин кайтарып берет
RU

Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерин кайтарып берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерин кайтарып берет. Бул тууралуу Kaktus.media'га Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Сарпашевдин мыйзамсыз жер тилкелерин менчиктештирип алуу фактысы боюнча тергөө ишин жүргузүп жаткандыгын маалымдады.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайытты, андан тышкары 30 гектар айдоо жерин кайтарып бере турганын айтты. Жер тилкелер Тайыр Сарпашевдин өзүнө жана анын жакын туугандарына катталган.

Бир жуманын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин бардыгы Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып берилет.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, тергөө иши уланып жаткандыгын баса белгилешти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/24