Фермерлер этти экспорттоого тыюу салууну жокко чыгарууну талап кылышты
RU

Фермерлер этти экспорттоого тыюу салууну жокко чыгарууну талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда Чүй обласынын фермерлери Айыл чарба министрлигине келишкен. Алар өкмөттүн этти экспортоого тыюу салуусун жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Эске салсак, Айыл чарба министрлиги этти жана бир катар айыл чарба өндүрүшүндөгү товарларды сыртка чыгарууга (экспортоого) тыюу салууну сунуштаган.

Фермерлердин айтымында, бийлик аларгадын иштөөсүнө жолтоо болуп жатат жана мындай чечим агросектордун таклкаланышына алып келиши мүмкүн.

Алар өкмөткө, кандайдыр бир чечим чыгараардан мурун, тиешелүү тармактын адистери менен кеңешип алууну сунушташты.

Эгер бийлик тыюу салуусун жокко чыгарбаса, эртең фермерлер митингге чыга турганын эскертишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/25