Бишкек милициясы шаардагы чет элдиктерге кайрылуу жасады
RU

Бишкек милициясы шаардагы чет элдиктерге кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаада жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде пакистандыктарга Кыргызстандын мыйзамдары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Шаардык милиция чет элдик жарандарды зарыл жумушу жок болсо, үйдөн же мейманканалардан чыкпоого чакырып, санитардык эрежелерди сактоону сунуштайт.

23-августта Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин, бул өлкөлөргө түз аба каттамы жок болгондуктан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу кетип жатышканын кабарлаган. Коронавируска байланыштуу жабылган чек аралар кайра ачыла баштагандыктан Кыргызстанга каттагандардын агымы азаят деген аталган мекеме.

Быйыл июль-август айларында 7,5 миң пакистандыкка Кыргызстанга туристтик виза берилгени, алардын баары коопсуздук органдары аркылуу текшерүүдөн өткөнү, жөнөкөйлөтүлгөн виза режимине уруксат 220 пакистандыкка берилгени маалым болгон.

Маалымат azattyk.org сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3238