БШК: Президенттикке талапкерлердин эч кимиси 30 миң кол топтой элек
RU

БШК: Президенттикке талапкерлердин эч кимиси 30 миң кол топтой элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-декабрга карата бир да президенттикке талапкер 30 миң кол топтогондугу тууралуу документтерин тапшыра элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Абдыжапар Бекматов кол топтоочу группаны да жетектейт.

Анын айтканына ылайык, 3-декабрдан 4-декабрга караган түн кол топтогондугу тууралуу документтерди кабыл алуунун жана залогду которуунун акыркы мөөнөтү.

"45 кишинин ичинен 5-6сы гана БШКга 1 млн сом өлчөмүндөгү залогду которгондугу тууралуу документтерин алып келишкен", - деп Бекматов кошумчалады.

Учурда президенттикке 65 талапкердин ичинен 45и эле калды. Кандидаттын катталгандыгы тууралуу күбөлүгү14-декабрга чейин берилет. Ал эми 15-декабрдан тартып үгүт иштери башталат. Шайлоонун өзү 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/35