Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун Кумтөр боюнча сунушун мурун эмнеге колдобогонун айтты
RU

Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун Кумтөр боюнча сунушун мурун эмнеге колдобогонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебаттары өттү.

Студияга төмөнкү партиянын өкүлдөрү келишти:

  • "Күчтүү район" - Данияр Астаров;
  • "Ордо" - Мирбек Мияров;
  • "Ата Мекен" – Өмүрбек Текебаев;
  • "Ыйман Нуру" - Нуржигит Кадырбеков.

Талкууда "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров Өмүрбек Текебаевге "Кумтөр" боюнча "2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөрдү менчиктештирүү маселесин көтөргөндө сиз аны колдогон эмессиз. Эмнеге?",- деген суроо узатты.

Бул маселе боюнча Өмүрбек Текебаев позициясын түшүндүрдү.

"Көпчүлүк Садыр Жапаровдун 2012-жылы "Кумтөрдү" менчиктештирүү боюнча сунушу колдоо тапса, ишкана Кыргызстанга өтүп кетмек деп жаңылыш ойлошот. Анткени бул токтомдо 2009 жана 2013-жылдардагы Кыргызстанга каршы келишимдерге кол койгон чиновниктер кылмыш жазасына тартылсын деген биздин сунуштарыбыз камтылбай калган. Коррупционерлердин баары жазаланыш керек болчу, аларды эл өз көзү менен билиши керек болчу", - деди Текебаев.

Ал ар бир бурчта Кумтөр элге кайтарылды деп кыйкырып жатышканын, бирок андай эмес экенин кошумчалады.

"Ачык айткым келет, биз "Центерранын" бир дагы үлүшүн ала элекпиз. Бул үчүн бизде мыйзамдуу түрдө тастыкталган документтер болушу керек, биз кенди басып алдык. Бул МАИчилерге окшоп, унааны штрафтык токтотуучу жайга токтотуп алып, ээси качан келет, канча акча берет экен деп күткөндөй эле күтүп жатабыз. Эгерде мен калп айтсам, эртең президенттин басма сөз кызматы чыгып, калп айтты деп чыксын", - деди Текебаев.

Биздин партия 2013-жылдары Кумтөрдү улутташтырыш керек деген эки долбоорду сунуштаган: Улутташтырунун жалпы принциптери жана мүлкүн мамлекетке алуу деген. Мына Жапаровдун бери бийликте турганына бир жылдан өткөнүнө карабай бул долбоор ордунан жылган жок.

"Биз Жапаровдун позициясын билебиз, бул жөн гана "манкуртташтыруу". Улутташтыруу эл аралык аренада чечилип, башкача айтканда, мыйзамдуу жол менен чечилиши керек", - деп жыйынтыктады Өмүрбек Текебаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4467