"Мен бул тууралуу социалдык тармактардан билдим". Галина Байтерек айып пулдарын төлөдү
RU

"Мен бул тууралуу социалдык тармактардан билдим". Галина Байтерек айып пулдарын төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы маалыматты Бишкек шаардык патрулдук милициясынан тастыктады.

Кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу билдиргендей, окуя кечээ, 29-ноябрда болгон. "Байтерек 8 миң сом берди, ал айып пулдары тууралуу социалдык тармактардан билген", - деди ал. Carcheck порталынын маалыматтары анын сөздөрүн тастыктайт.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө ээси жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөбөгөн BMW X6 үлгүсүндөгү кымбат баалуу унаанын сүрөтү тараган. Колдонуучулар унаа Садыр Жапаровдун мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтерекке таандык экенин билдиришкен. Маалыматты журналист Актилек Капаров текшерип көрүп, чындап эле BMW X6 маркасындагы унаасынын бир топ айып пулу төлөнбөгөнүн жана ал Галина Байтерекке таандык экенин айтып чыккан.

Галина Байтерек учурда президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4564