Сарпашев убада кылган 500 гектар жерин мамлекетке кайтарып берди
RU

Сарпашев убада кылган 500 гектар жерин мамлекетке кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди.

Ошентип, Т.Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Торкен айылынын муктаж жана аз камсыздалган жашоочуларына кайтарылып берилген жерлерди андан ары бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жатат.

Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда, анын жүрүшүндө Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгү, аларды алуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат.

2020-жылдын 9-декабрында саат 16: 00гө Сарпашевге андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн КРӨгө караштуу ЭККМКнын тергөө башкармалыгына келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/53