Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо боюнча коомдук угуу өттү
RU

Үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо боюнча коомдук угуу өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 26, 27-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилиги, "Балдардын Укугун Коргоочулардын Лигасы" Коомдук Фондунун техникалык колдоосу менен 2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча Планынын долбоорун талкулоо боюнча коомдук угуу өткөрдү.

Бул онлайн талкулоолорго 160 өкүл катышты:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү;

- шаардык мэриялардын өкүлдөрү;

- аймактык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматтардын, балдарды кароо борборлорунун кызматкерлери, жана ошондой эле зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жана кыйноодон жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча суроолор менен атайын алектенген коомдук уюмдардын адистери.

2021-жылдын 10-февралына чейин баардык кызыккан адамдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук почтасына [email protected] сунуштарын жиберсе болот, иш-мерчемдин долбоору менен - шилтемеси аркылуу таанышсаңыздар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/546