Садыр Жапаров Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал боюнча оюн билдирди (видео)
RU

Садыр Жапаров Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал боюнча оюн билдирди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды согуш деп атады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн.

"Россия менен Украинанын ортосундагы окуялардын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизүүдө. Кыскасы, дүйнөдө соода, экономика жана коопсуздук жагынан оор абалда турат. Биздин өлкө кичиненкей болгондуктан эч кандай таасир бере албайт, биз согушту токтото албайбыз. Ошондуктан, биз бейтарап өлкө болушубуз керек", - деди мамлекет башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5899