"Сүйүүм менин, кош бол". Балбак Түлөбаев Бишкек менен соцтармакта коштошту
RU

"Сүйүүм менин, кош бол". Балбак Түлөбаев Бишкек менен соцтармакта коштошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мурдагы мэрдин кызматын аткаруучу Балбак Түлөбаев соцтармакта Бишкектен кечирим сурады

"Менин Бишкегим, менин ар намысым. Туура эмес кылып алсам, кечир!" - деп Twitter'ге жазган.

Мындан мурун Facebook'та ал кызматынан өз каалоосу менен эс алуу жана дарылануу үчүн кеткенин маалымдаган.

"Мени айтышыңар мүмүкүн, алдыдагы иштерди аткарбай кетти деп. Ал иштер, буйруса, ишке ашат деген ойдомун. Мамлекеттик кызматка барбай деле элге жардам берсек болот. Мен таза иштедим деп айта алам. Текшерсеңиздер чыгат баары", - деди.

Эске салсак Балбак Түлөбаевди октябрь айындагы окуялардан соң Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал 100 күндөн кийин кызматынан кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/635