Ала-Арча капчыгайында түгөйлөр адашып кетишти
RU

Ала-Арча капчыгайында түгөйлөр адашып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда тоого чыккан жарандар адашып, тоодон түшө албай калышкан. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, Ала-Арча капчыгайынын "Бөйрөк" тилкесинде Бишкек шаарынын 35 жаштагы П.А. жана 23 жаштагы Ж.К. аттуу тургундары түшө албай калып калышкан. Бул туурасында 9-октябрда саат 20:30 чамасында куткаруучуларга билдирүү түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, аталган тилкеден жарандарды түшүрүштү. Абалдары жакшы, жабыркаган эмес дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8783