Бажы кызматы Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген эки жүк ташуучу унааны тапты
RU

Бажы кызматы Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген эки жүк ташуучу унааны тапты

Все самое интересное в Telegram

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген төмөнкү автоунааларды кармашты:

  • "RENAULT PREMIUM"
  • "DAF FA95.430"

Мамлекетке келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 3 миллион 700 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/94