Түркмөнстанда жаңы түзүлгөн шаар Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан аталды
RU

Түркмөнстанда жаңы түзүлгөн шаар Гурбангулы Бердымухамедовдун атынан аталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстандагы Ахал велаятында жаңы административдик борбор түзүлүп, шаар статусу берилди. Жаңы аймак экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг деп аталганын Turkmenportal жазат.

Анда айтылгандай, тиешелүү токтомду Түркмөн парламентинин төмөнкү палатасы (Милли Генгеш) "Ахал велаятынын жана өлкөнүн башка аймактарынын жашоочуларынын каалоолорун эске алуу менен" кабыл алган.

ЖМКлардын маалыматына караганда, жаңы шаарда 70 миңдей адам жашайт. Курулуш үч жыл мурун башталып, бир жарым миллиард долларга жакын акча бөлүнгөн. Аркадагдагы бардык үйлөрдү смартфондор аркылуу башкарууга болот.

Аркадаг - Түркмөнстан парламентинин Жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий эмес титулу. Түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9693