ЭККМКнын Ош шаары боюнча дайыма болуп турган экономикалык контрабанданы аныктады
RU

ЭККМКнын Ош шаары боюнча дайыма болуп турган экономикалык контрабанданы аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган контрабандалык ташып кирүү фактыларын аныктады.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн "Вольво" маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстан Республикасынан "Достук" бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Азыркы убакта, ЭККМК контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

ЭККМК.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/96