Түркмөнстан экс-президенттин атындагы жаңы шаарды курууга 5 миллиард доллар сарптайт
RU

Түркмөнстан экс-президенттин атындагы жаңы шаарды курууга 5 миллиард доллар сарптайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркмөнстан экс-президент Гурбангулы Бердымухамедов атындагы жаңы шаар курууга дээрлик 5 миллиард доллар сарптай турганын BBC жазып чыкты.

Ахал велаятындагы жаңы административдик борбор шаар статусун алды жана Аркадаг деп аталат. Бул Бердымухамедовго президенттиктен кеткенден кийин ыйгарылган наам.

Жаңы шаар Түркмөнстандын борбору Ашхабаддан 30 чакырым алыстыкта. Маалыматка караганда, Бердымухамедов аткаминерлерге аны "Гиннестин рекорддор китебине" киргизүүнү буйруган. Ошондой эле шаардын калкынын саны 73 миңге жакын болушу керек.

"Аркадаг шаарын куруунун биринчи фазасы 3,3 миллиард долларды түзөт. Экинчи фазага болжол менен 1,5 миллиард доллар керектелет деп эсептейбиз", - деген шаардын курулушуна жооптуу чиновник Дерягельди Оразов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11262