Матраимов менен чырк эткен жылдыздар сынга кабылды. Чуулуу сүрөттүн талкуусу бүтө элек
RU

Матраимов менен чырк эткен жылдыздар сынга кабылды. Чуулуу сүрөттүн талкуусу бүтө элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Райымбек Матраимов менен чырк эткен белгилүүлөрдүн сүрөтү кызуу талкууланып жатат. Пикир жазгандардын басымдуу бөлүгү атактууларды сынга алышкан. Алардын бири шоумен Мыкы (ред.: Мыктыбек Мукаев).

Ал айрым кесиптештеринин, дүйнөгө аты чыккан белгилүүлөрдүн бул кадамын уят деп эсептейт. "2020-жылы октябрда "Райым миллион камалсын" дегендердин кээ бирлери бүгүн "ыракмат, Райым Матраимов" деп жүрүшөт. Уят эле жигиттер", - деп жазды ал.

Мыктыбек Мукаевдин бул пикирин колдогондор арбып, "жакшы сын айтылды" дегендер четтен чыкты. Ал арада Мыкы: "Адекваттуу ой жүгүрткөн жакшылар, мен да силерди сыйлайм. Колдоп, сүрөп жазганыңарды окуп ичим жылып, арабызда адилеттүүлүктөн тайбагандар көп экенине сүйүндүм", - дейт.

@kaktus_kg Матраимов менен чырк эткен жылдыздар сынга кабылды. Чуулуу сүрөттүн талкуусу бүтө элек #матраимов ♬ оригинальный звук - Kaktus_kg

Белгилесек, 27-августта Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы курулган кеңсесинин ачылыш аземи өткөн. Иш-чарага коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов да барган. 1 жыл мурда Муфтияттын жаңы имаратынын курулушуна Райымбек Матраимов жетектеген "Исмаил-Ата" фонду демөөрчүлүк кылып жатканы белгилүү болгон.

Эртеси күнү Муфтияттын имаратынын ачылышына Кыргызстандын таанымал инсандары да барганы Матраимов менен түшкөн сүрөтүнөн белгилүү болгон. Сүрөттөн спортчу Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актёр Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевди көрүүгө болот.

Бир сүрөттүн талкуусу муну менен бүтүп калган жок. Интернет колдонуучулар чуу жараткан сүрөттү ар кандай текст, хэштегдер менен бөлүшүүнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14161