Күндүн сүрөтү: Райымбек Матраимов Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышында
RU

Күндүн сүрөтү: Райымбек Матраимов Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышында

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Facebook баракчасына дин өкүлдөрү менен бирге түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Бул сүрөттө Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев, Казакстандын муфтийи Ноорузбай Тага уулу, Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров жана Россия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Дамир Мухетдиновду көрүүгө болот.

Буга чейин Кыргызстанга Казакстан менен Өзбекстандын муфтийлери жана Россиянын муфтиятынын өкүлү келишкен. Алар 27-августта Муфтияттын жаңы имаратынын ачылыш аземине катыша турганы белгилүү болгон.

Былтыр Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушуна Райымбек Матраимов жетектеген "Исмаил-Ата" фонду демөөрчүлүк кылып жатканы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14145