"Элден акча жыйнаганды эле билебиз". Депутат өкмөттүн ишин сынга алды. Видео
RU

"Элден акча жыйнаганды эле билебиз". Депутат өкмөттүн ишин сынга алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин ишин сынга алды. Ал Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында Минкаб кышка даяр эместигин көрсөттү дейт.

"Бир күндө эле 1 кап ундун баасы 1000 сомго кымбаттады. Бул өкмөттүн шалаакылыгынан, программасынын жоктугунан улам болууда. Министрлер кабинети кыштан чыгуу боюнча 1 жылга же 6 айга план коюш керек болчу. Бирок бул нерсенин баары жок. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Сууну агызып жиберип эми суудан жок же ундан жок калдык. Бул башталышы эле, күз башталбай жатып 1 кап ундун баасы 1000 сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлгө алгыла деп какшаганбыз", - деди депутат.

Тазабек Икрамов өкмөттү Жогорку Кеңешке чакырып, кышка даярдыгын, кымбатчылыкка каршы кандай иштерди алып барарын жана башка программаларын сурабаса абал кыйындап баратканын кошумчалады.

"Элден акча жыйнаганды билебиз, бирок аларды кантип багууну билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга 1000 сом кошулуп жатпайбы", - деп нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14496