Тынчтыкты бузуп, ызы-чуу кылгандар жоопко тартылат
RU

Тынчтыкты бузуп, ызы-чуу кылгандар жоопко тартылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Тынчтык жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ага ылайык, жашоочулар, кварталдык комитеттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ызы-чуу кылып, тынчтык бербегендер боюнча акт түзүп, аны сүрөт жана видеого тартып тиешелүү органдарга берсе болот. Бул материалдар кийин мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууда далил катары колдонулат.

Турак үйлөрдө, эс алуу аймактарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун дабышы атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.

Ал эми Жаңы жыл түнү жана расмий белгиленген мамлекеттик майрамдарда түнкү саат 03:00гө чейин ырдап-чоордоого уруксат берилет.

Мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, курулуш иштери да ызы-чуунун булагы катары так көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, "Тынчтык жөнүндө" мыйзам 2024-жылы кабыл алынып, ага ылайык, иш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин ызы-чуу кылууга тыюу салынат. Ошондой эле тойлор, салтанаттар саат 22:00дө бүтүшү керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17827