Бишкек мэринин орун басарлары кызматтарынан бошотулду
171
Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык дайындоолор болду. Бул тууралуу калаа башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мэрдин орун басарлары Виктория Мозгачева менен Азамат Кадыров ээлеген кызматтарынан бошотулду.
- Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Рахат Мусаева дайындалды.
- Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору кызматына Жаныбек Орозалиев дайындалды.
- Мэрдин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Муратбек Атай дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге шаар мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Мындан тышкары, Биринчи Май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Чынара Жаныкееванын жана Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилованын ишмердүүлүгүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Алар кызматтык иликтөө жүргүзүү убактысында ээлеген кызматтарынан четтетилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18032
