Балдар күнүнө арналган иш-чарадагы кемчиликтер үчүн мэриянын кызматкерлерине чара көрүлдү
Бишкек шаарынын мэриясы 1-июнда "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык иш-чара учурундагы кемчиликтер үчүн бир катар кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрдү.
Белгилесек, борбордук аянтта балдардын майрамын белгилөө учурунда адепсиз сөздөр камтылган музыка жаңырган. Бул коомчулукта нааразычылык жаратып, социалдык тармактардагы талкууга жем таштаган.
Мэрия музыкалык чыгарма "майрамдын форматына жана темасына туура келбегенин" моюнга алып, ички иликтөө жүргүзгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлдү дешет мекемеден. Ага ылайык:
- Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш берилди;
- Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Назгуль Мекешова сөгүш алды;
- маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматтан алынды.
"Иш-чарада диджей катары иш алып барган Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылды. Ошондой эле ага карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт. Муну менен катар, ал даярдаган музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди", - дешет калаа башкармалыгынан.
Мындан сырткары, мыйзам бузууга жол берген аткаруучулар жана башка кызмат адамдары аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартыларын кошумчалашты мэриядан.