Караколдо өспүрүм кыздарды сойкулукка мажбурлады делген киши кармалды
RU

Караколдо өспүрүм кыздарды сойкулукка мажбурлады делген киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарында өспүрүм кыздар сойкулукка мажбурланган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, Б.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды батирде сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткан жеринен кармалган.

Башкармалыктан билдиргендей, сурак учурунда 16 жаштагы кыз Б.Н. аттуу жаран аны "кардарлар" менен жолугушууга системалуу түрдө мажбурлаганын айткан.

Кийинчерээк дагы бир кыздын өздүгүн аныкталып, ал дагы тергөөдө сойкулук кылууга мажбурланып жүргөнүн айткан.

Шектүү катары 31 жаштагы киши камакка алынып, тергөө уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18044