Бишкекте таксистке бир эле учурда 19 протокол түзүлдү
120
Бишкекте жол эрежесин бузуп айдаган таксистке бир учурда 19 протокол түзүлдү. Маалыматты Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, активист Эртай Искаков социалдык баракчасына видео жарыялаган. Анда айдоочу жол катар эреже бузуп, кооптуулук жаратканын айткан.
Кайгуул кызматкерлери айдоочуну шаардын кире беришинен токтотушкан. Медициналык экспертиза айдоочунун мас экенин аныктап, жыйынтыгында 19 протокол түзүлгөнү маалым болду.
Белгилесек, 20-июндан баштап мас абалда унаа башкаргандарга 80 миң сом айып салып, 2 жылга айдоочулук укуктан ажыраткан мыйзам күчүнө кирген.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18070
