Аламүдүндө каналга агып кеткен аялды издөө иштери уланууда
RU

Аламүдүндө каналга агып кеткен аялды издөө иштери уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кашка-Суу айылында каналга түшүп кеткен 31 жаштагы аялды издөө иштери уланууда. Бул туурасында ӨКМдан кабарлашты.

Маалым болгондой, 20-июнда 1995-жылы туулган Н.Н. аттуу аял каналга түшүп кеткен. Бүгүн, 22-июнда издөө иштерин улантуу максатында саат 07:10до 7 куткаруучу тартылды. Андан тышкары туугандары тарабынан 30 адам, жалпы 37 адам тартылды.

Министрликтен издөө, куткаруу иштери тууралуу дагы маалымат берилерин билдиришти.

Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18076